Бүгүн, 19-ноябрда, вице-премьер-министр – КР президентинин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштурууда шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасы Максат Мамыткановдун басма сөз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр президенттин мөөнөтүнөн мурда шайлоосун өткөрүүнү уюштуруу, анын коопсуздугун камсыздоо боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берген.