Сенин назик болгон менен ичиңде күчтүү, намыскөй, кыйынчылыкка багынбаган адам экениңди эми сездим. Бирок мен аны сезгенде кеч болду, өтө эле кеч болду. Сен ал кезде муздак жердин кучагына түбөлүккө уйкуга кеттиң. Отуруп алып экөөбүз өткөргөн күндөрдү башынан тизмектеп эстеп көрдүм. Сени менен таанышкан алгачкы күн. Коңгуроодой күлкүң, назик үнүн менен өзүңө арбап, сылык мамилең, тунук акылың өзүңдөң кеткис кылып байлап алгансың. Экөөбүз алты айча сүйлөшүп баш коштук.  Жумуштан келгенде ысык тамак, жылуу мамиле, эркелегениң, эркелеткениң, кечке крассовканын ичинде жүрүп жыдып кеткен буттарымды, эринбей жийркенбей, жылуу суу дайындап, назик колдоруң менен жууп берчүсүң. Ушундай мамилең менен мени такыр эркелетип салдың. Достордун алдында бой көтөрүп болбой эле калдым. Ал тургай досторум сенин мыкты экениңди билип сыйлап турушчу. Бир ирет достор менен бильярд ойноп, анан саунага бардык. Ал жерде кыздар бар экен, эркек эмесминби, тийишип баштадым. Жанымда отурган Асыл досум ал кезде бойдок эле, акырын сыртка чакырып, тумшуктан ары бир койду, акмак алтындай аялың турат, сага кошуп бизди сыйлайт, бас үйүңө деп жеткирип салды. Мастыкка алдырып,үйгө келген соң сенден чыгардым баарын. Унчукпай, баарын көтөрдүң.

Күндөр өтүп, басканым көп болуп, бир канча ирет көзүңө чөп салып да жүрдүм. Билсең да билбеген киши болдуң. Эркек бал төрөп бердиң. Анда да башым асманга жетип, балалуу болдум  деп жумалап жуудум. Эсим жок экен, ошондо сенден кабар алып, кашыңда болуп, карашсам эмне болмок. Түнкүсүн бала ыйлайт деп башка бөлмөгө жатып алчумун. Көп ирет бир нерсе жасаганда айласын таппай кандай кылсам деп турганда, акыл айтып айласын таап турчусуң.  Эми билсем сен аял затынын асылы экенсиң, эми сендей жанга кайра кезикпейм го. Барыңда баркыңа жетпедим…. Эми баш мыкчып, көз жаш төккөн менен сен мага кайра келбейсиң….