Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  өз мекенинде кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана Россиянын аймагында жашынып жүргөн адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча  иштери улантылууда.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргызстандын ички иштер органдары  издөөгө алган жаран Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөндүгүн аныкташты. Жалал-Абад облусунун тургуну,  1988-жылы туулган С.Т. аттуу жаран киши өлтүргөндүгү үчүн он үч жылдан бери издөөдө жүргөн.

2007-жылдын 9-октябрында Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүндө белгисиз адамдар ээнбаштык ниетинен улам жергиликтүү тургун С.А.ны сабап, денесине оор залал келтиришкен. Натыйжада жабырлануучунун  саламаттыгына оор зыян келтирилип, окуя болгон жерде көз жумган.

Бул факт боюнча 2007-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси «Адам өлтүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон (1997-жылы редакцияланган). Шектүү катары эсептелген 1988-жылы туулган жаран С.Т. карата  2008-жылы   мамлекеттер аралык издөө  жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлеринин издөөдө жүргөн шектүүнүн кайда жүргөндүгүн аныктоого багытталган бирдиктүү иши 2020-жылдын октябрь айынын башынан бери жүргүзүлүп келген.

2020-жылдын 17-ноябрында болжол менен саат 21:00 чамасында Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Зеленоград административдик району боюнча ИИБнын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарында изделип жаткан жаран С.Т. кармалды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн жаран он үч жыл жакын туугандарынын жанында жашап жүргөндүгү белгилүү болду.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабарланып, изделип жаткан 1988-жылы туулган жаран С.Т. Москва шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Компетенттүү органдар тарабынан 1993-жылдагы Минск конвенциясына ылайык экстрадициялоо маселеси чечилип жатат.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы