Баткен облусунда коомдогу аялдардын активдүүлүгүн жогорулатууга
багытталган айымдардын катышуусунда “Өз ара жардамдашуу мезгили”
аталышындагы облустук конференция болуп өттү.
Конференция Баткен облусунун айымдарынын ишкердик, экономикалык,
саясий, лидерлик жөндөмдөрүн арттырууга жана өнүгүүсүнө өз ара
жардамдашуу максатында уюштурулду.


Иш чаранын жүрүшүндө Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу
өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова сөз сүйлөп, азыркы коомдогу
аялдардын ролу, ар бир аял затынын, өзүнүн инсандык потенциалын
жогорулатуу, жашоо шартын жакшыртуу, коомдо өз ордун табуу аракеттери,
ийгиликтер жана жаралган тоскоолдуктар, аны жоюу аракеттери тууралуу сөз
сүйлөп, катышуучулар тарабынан аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу
боюнча сунуш пикирлер айтылып, талкуу болду.

Ыктыярдуу жана демилгелүү айымдардын пандемия шартында, социалдык-
экономикалык өзгөрүүлөрдү жасоого умтулуусу, айым ишкерлерге көрсөтүлгөн
жергиликтүү бийлик органдарынын жана башка тийиштүү органдардын
колдоолору жана кызматтары тууралу, ошондой эле бизнести баштоо,
өнүктүрүү боюнча кеңештер айтылып, ийгиликтүү ишкер айымдар
тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Конференция пандемия шартында, бардык санитардык нормаларды жана
арлыкты сактоо менен өткөрүлдү.
Конференция соңунда катышуучулар тарабынан биргелешип аракеттенүү,
биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташуу боюнча резолюция
кабыл алынды.
Бул күнү облустагы 16 ишкер айымга ыйгарым укуктуу өкүл Жаныбек Жалалов,
Баткен облусунун ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн
ыраазычылык кат жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз
кызматы