Улуттук банк ноябрь айынын эсеби менен валюта рыногунда бешинчи ирет интервенция жасады. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында жазылган.

Улуттук банк кечээ, 19-ноябрь күнү валюта рыногуна 3 млн доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) саткан.

Ушуну менен Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунда 20-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, акыркы жумаларда Кыргызстанда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.