Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Ырайым кылуу маселелери боюнча:
Ырайымдуулук жекече аныкталган адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары — Президент) тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ыйгарым кылуу актысы президенттин жарлыгы менен ага карата кайрылуу кабыл алынган соттолгон адамга жиберилет. Эгерде ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылса, Президент расмий чечим чыгарат.
Ырайым кылуу жөнүндө арыздар, эреже катары, соттун чечими күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде каралат. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кечирүү жөнүндө өтүнүчтөр, эгерде Комиссиянын сунуштары болсо, соттолгондорго ырайым кылууну колдонуу Президенттин кароосуна берилет. Эгерде Комиссия кечирим берүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө негиз таппаса, анда бул тууралуу маалымат Президентке берилет, ал эми өтүнмө ээлерине кечирим берүү жөнүндө арыздардын четке кагылышы жөнүндө маалымдалат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 93-беренесине ылайык (2017-жылдын 2-февралында, № 19) Ырайым кылуу жөнүндө акт аркылуу соттолгонго сот тарабынан пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза берилген же жазадан шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурларда кошпогондо, сот тарабынан дайындалган өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жыйырма жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы, ошондой эле белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза жеңилдетилиши мүмкүн.
Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирери менен соттолгон ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго ырайым кылуу жөнүндө кайталап расмий өтүнүч менен кайрылуусу, эгерде жаңы көңүлгө алуучу жагдайлар жок болсо, он жыл өткөндөн кийин, ал эми белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгонго сот тарабынан дайындалган жазанын жарымы өткөндөн кийин киргизилиши мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттолгондорго ырайым кылуу боюнча 1800дөн ашуун кайрылууну Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кайрымдуулук катчылыгына жөнөттү.
Ошентип, бүгүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу С.Жапаровдун ырайым кылуу жөнүндө жарлыктарына ылайык эркиндигинен ажыратуу жайларынан 230 адам бошотулду, 38 соттолгондун мөөнөтү кыскартылды. Учурда бул багытта иштер улантылууда.