Ушу тапта кыргыз саясатын ишеним кризиси чулгап турган учур. Бирок, анын да бүтөөрү, аяктаар мезгили болот. Анүчүн ага карай арышты батыл таштоо керек. Бул өӊүттөн алып караганда Камчыбек Ташиев досу Садыр Жапаровго карата арткан ишеними бул кризистен чыгууга карата жасалган алгачкы кадам болду десек жаӊылышпайбыз.

Саясаттагы саткынчылык, достуктан душманга айлануу дегенден тажап бүткөн эл Камчыкенин мындай кадамын кош колдоп кубаттап кетишти. Чын-чынына келгенде мурунку эки ажонун достугу абак жана бийликтен куулуп түшүү менен аяктаганда досун түрмөдөн алып чыгып хан кылган айкөлдүк эмей эмне? Ооба, Ташиев тууралуу ар кандай кептер эми кылтыйып чыга калууда.

Албетте, медалдын эки бети болгондой эле коомчулукта деле ача пикир болот. Андай болбосо акыйкаттык таразасы болбой калбайт беле. Бирок, ушул күндөрү Камчыбек Ташиевге карата каралоо, ушак, имиштер жүрүп жатканы жөн гана ичкүйдүлүк жана көралбастыктын чегинде.

Кыргызстан тескерисинче коомчулуктун көзүн ачып, дагы бир жолу элге эркин тандоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана элдик бийлик түзүүгө салым кошкон Камчыбек Ташиевди колдошу керек.