Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын көчмө кабылдамасы менен жашы жете электер менен иштөө инспекциясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирдикте рейд жүргүзүлүп жатат.


Окуучулар азыркы кырдаалга байланыштуу аралыкты сактоо менен окуп жаткандыктан окуусуна көңүл буруусу, бош убактыларын туура пайдаланууга жана ата энелери көзөмөлдү күчөтүү жагы эскертилүүдө.


Рейд Кочкор районунун Кызыл-Дөбө, Мантыш, Көк-Жар айылдарында өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кочкор айылындагы унаа жуучу жайлар, оюн зоок залдары, соода-сатык түйүндөрү текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле жарандарга жугуштуу коронавирус илдетин алдын алуу максатында профилактикалык иштер тынымсыз жүрүп жатат.
Мындай иш-чара бардык айыл аймактарына өткөрүлүп турмакчы.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы