Кыргызгидромет борбору 21-ноябрдан 25-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-22-ноябрларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз кар жаашы мүмкүн.

23-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда күндүз жана 24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз, 23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-22-ноябрларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-ноябрда Баткен облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-22-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

25-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

21-22-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-ноябрда жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-25-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-ноябрда күндүз жана 23-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.