Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 447 адамдан табылып, 4 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 200 адамдан, Ош шаарында – 16, Чүй облусунда – 86, Ош облусунда – 25, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 49, Жалал-Абад облусунда – 29, Баткен облусунда 17 кишиден табылган.
Ошол эле учурда 505 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 103, Ош шаарында – 24, Чүй облусунда – 113, Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 15, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 59, Жалал-Абад облусунда – 53, Баткен облусунда 79 киши коронавирустан айыгып чыкты”, — деп билдирет штаб.
Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 3 адам, Талас облусунда – 1 киши.