Садыр Жапаров тууралуу Россиянын ММК булактары эмнелерди жазышты?

200

Россиянын ММК булактары да Кыргызстандагы абалга кызыгуу  менен көз салууда. “Регионы России”  маалымат агенттиги Садыр Жапаров тууралуу  маалыматты жазып чыгарды.

“Регионы России” маалымат агенттиги жазган макаланы өзгөртүүсүз кыргызча вариантын сунуштайбыз.

Кыргызстандын бийлик башына  Садыр Жапаров келди. Саясатчы тууралуу эмне белгилүү жана ал өлкөнү кандай өңүттө өзгөртө алат?

Садыр Жапаров премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Элдин толкуну менен бийликке келген саясатчынын алгачкы кадамдары кандай болду?

2020-жылдын 5-октябрында Кыргызстанда массалык толкундоолор башталган. Элдин нааразычылыгына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш сатып алуулар жана бийлик төбөлдөрүнүн шайлоо процессине кийлигишүүсү  себеп болду.   Ала-Тоо аянтына нааразы болгондор чогулушуп,  шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылсын, кайра шайлоо дайындалсын деген талап коюшкан.

Жаңы башчы

Кыргыз Республикасы 6-октябрдын таңында  жетекчисиз калды. Өлкөнүн президенти Сооронбай Жээнбеков жумуш ордунда жок болуп, анын кайда экени дагы белгисиз болду. Мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймактардагы администрация башчылары массалык  түрдө жумушка чыкпай, айрымдары оз каалоолору менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышты. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Ал эми бир нече оппозициячыл партиянын лидерлери Координациялык кеңеш түзүлгөндүгүн жар салышты. Кеңеш болсо өлкөнү убактылуу башкарууну колго алгандыгын маалымдады. Ал эми шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, массалык толкундоого активдүү катышкан жаштар Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүнө каршы чыгышты.

Тузүлгөн кырдаалда эл саясий куугунтук менен абакта жаткан Садыр Жапаровду бошотуп, премьер-министр кылып дайындоону талап кылышты.

Садыр Жапаровду калктын басымдуу көпчүлүгү  тактап айтканда, өлкө аймактарынын жашоочулары, Бишкек шаарынын тургундары дагы активдүү колдогон үчүн, аны Өкмөт башчылыгына  дайындоо жараяны көпкө созулган жок.

Депутаттар чукул жыйын өткөрүп С. Жапаровдун талапкерлигин бир добуштан  бекитип беришти.  Бирок, кворум болбой калганын жүйө келтирген айрым эл өкүлдөрү бул чечимди жокко чыгарууну талап кылшты.  С. Жапаровду премьер-министр катары көргүсү келгендер өлкөнүн бардык аймактарынан Бишкекти көздөй агылып келе башташты. Чогулган элдин мүдөөсү бирдей болгондугу кыргыз саясаты үчүн адаттан тыш көрүнүш болду.

Садыр Жапаровду кайрадан премьер-министр кызматына дайындоодо маселе жаралган жок. Президент Сооронбай Жээнбеков аны Өкмөт башчылыгына бекитип, андан соң өзү отставкага кетти. Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткандыктан ажолук жоопкерчилик дагы мыйзам чегинде Садыр Жапаровго жүктөлдү.

Жаңы өзгөрүүлөр

С. Жапаров эки чылбыр, бир тизгинди  колго алып ишке киришти. Ал жумушун кадрдык дайындоолордон баштады. Толкундоолор учурунда ал “бардык жергиликтүү мамлекеттик  администрация башчылары өз ордунда иштеши керек” деп айткан эле. Эгер алар ээлеген кызмат ордунан баш тартышса, анда алардын биринчи орун басарлары жетекчилик милдеттерин аткарышмак. Ошол эле учурда ал Өкмөттө жаштар үчүн орундар бар деп айтып келген. Жыйынтыгында министрлер кабинети бир топ  жаңыланды. Билим берүү жана илим министри болуп Азамат Бейшеналиев дайындалды. Бейшеналиев – окумуштуу, Европа жана АКШ университеттеринде иштеп келген тажрыйбалуу мугалим, прогрессивдүү көз караштагы инсан. Айыл чарба министри болуп 30 жаштагы Тилек Токтогазиев бекитилди. Т. Токтогазиев ага чейин Жогорку  Кеңешке депутаттыка “Ата Мекен” партиясынан аттанган. Ал гана эмес Садыр Жапаровго да оппонент катары Өкмөттү башкарууга далалаттанган  жайы бар.

Коррупция менен күрөш эмне болот?

Экономикалык жактан абалы начар өлкөлөрдүн баарында эле негизги көйгөй – коррупция. Андыктан, көпчүлүк  Садыр Жапаровдон коррупция менен натыйжалуу күрөштү күтүүдө. Бирок, скептиктер Жапаров дагы мурдагы революция жолу менен бийликке келгендер сыяктуу эле   популисттик кадамдар, майда-чүйдө дайындоолор менен гана чектелет дешкен.  Өлкөдөн мыйзамсыз жолдор менен миллиондогон каражаттарды чыгарып кеткен Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары “Райым миллион” каймана ат менен белгилүү Р. Матраимов кармалып, кайра  өлкөдөн чыкпоо талабы менен үй камагына кое берилген.  Р.Матраимов мамлекетке 2 миллиард сом өлчөмүндө  зыян келтиргенин мойнуна алып, аны ноябрь айынын соңуна чейин  кайтарып берүү тууралуу тил кат жазып, тергөө менен кызматташууну убада кылган. Кармалган эле күнү Р. Матраимов 80 миллион сом толөп бергени тууралуу УКМКдан кабарлашты. Анын кое берилишине таңыркаган суроолорго Жапаров “Матраимовду камаганда ал деле башка коррупционерлерге окшоп, мамлекетке бир тыйын төкпөстөн абакта айлап, жылдап отура бермек. Болгону анын үйү менен бир-эки автоунаасын конфискацияламак”, – деген жооп узаткан.

Садыр Жапаров бийликке келгенде эле коррупция менен күрөшүүнү өзгөчө жолдор менен жүргүзөөрүн айткан. Кырдаалды УКМК жана  Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү Мамлекеттик кызматтарына жаңы жетекчилерди дайындоо менен өзгөрттү. Буга чейин аталган эки мекеме бийликтин ортоңку жана ылдыйкы бутактарындагы аткаминерлердин кылмыштарын ачыктап келген. Учурда бүтүндөй кылмыштуу схемалардын бети ачылганы тууралуу жаңылыктар чыга баштады. Мисалга, 17-октябрда Бишкек ЖЭБке көмүр сатып алууга байланыштуу коррупциялык схеманын бети ачылып, шектүүлөр кармалышты. Ал эми, 19-октярда “Кыргыз Темир Жолу” ишканасындагы вагондорду кесип, металл катары сатып жүргөндөр тууралуу маалымат тарады.

Ошондой эле, 27-октябрда ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник Нур Сатыбалдиев кызматка дайындоо  үчүн ири суммадагы акча алып жаткан учурда кармалганы тууралуу маалымат медиа каражаттарына чыкты.

С. Жапаров күч түзүмдөрүнүн ишин күчөтүү менен эле чектелген жок. Россиянын тажрыйбасын колдонуп, экономикалык мунапыс жарыялады. Бир айлык мөөнөттө ал мыйзамсыз жол менен байлык топтогондорду, салыктан качкандарды, көмүскө бизнес жүргүзгөндөрдү мамлекеттик казынага чыгымдарды  ыктыярдуу түрдө төлөп коюуга чакырды. Бул убакыт ичинде өз капиталын мыйзамдаштырып койгондордун баардыгын кылмыш жообунан бошотууга жана мүлкүнө кол тийбестик берүүгө мамлекет тараптан кепилдик берилерин жарыя кылды.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Ыкчам экономикалык чара көрүү башкармалыгынын башчысы Улан Султанбаев “Кабар” маалыматтык агенттигине берген интервьюсунда:“Мындай практика бир топ өлкөлөрдө – Грузия, Италия, Россия, Казахстанда колдонулуп келген. Бул кадам натыйжалуу жана эффективдүү механизм экендиги көрунгөн. Көмүскө экономиканын кыскарганын, ички инвестициялардын колдоосун да байкасак болот. Бюджеттин азыркы абалын эске алганда – бул демилге учур талабы. Мурда бизде бир нече жолу салык мунапысы жарыяланган. Бирок, экономикалык мунапыс деген бул алда канча көлөмдүү нерсе. Андыктан бир топ эле пайда алып келиши керек”,- деп айткан. Экономикалык мунапыстын алкагында 4-ноябрга карата чуулгандуу төрт кылмыш ишиндеги фигуранттар казынага 382 миллион 533 миң сом төгүп  беришкен.

Коррупцияга каршы аракеттер менен катар кылмыштуу топтор менен дагы күрөш активдүү жүрө баштады. 22-октябрь күнү Бишкек шаарында “мыйзамдагы ууру”, “Коля Кыргыз”  каймана аттуу, эң таасирлүү кримтөбөл  Камчы Көлбаев кармалды. Ал  кылмыштуу топту уюштурганы үчүн айыпталууда.  ИИМдин 2018-жылкы маалыматына ылайык Көлбаевдин уюмуна 424 кылмышкер мүчө.

Эл аралык мамилелер

Өлкөдөгү саясий кырдаал жөнгө салынгандан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Бишкектеги баардык димломатиялык корпустар менен байланышты жандандырды. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев элчилер жана эл аралык уюмдардын жетекчилери  менен кезикти. Эң алгачкы дипломатиялык сапары менен Россия Федерациясына барып, кесиптеши Сергей Лавров менен сүйлөшүп келди. Жолугушууда С.Лавров “Кыргызстанды мыйзам талаасына кайтып келди” деп белгиледи. Ал эми Руслан Казакбаев болсо “Кыргызстан Россиянын колдоосун бир гана кыйынчылыктар жаралган учурда эмес, ар дайым сезип келет” деп айтты.

Маалымат жыйындардын биринде С. Жапаров “Россия Кыргызстандын көп жылдан берки стратегиялык өнөктөшү. Андыктан, эки өлкөнүн алакасы уланышы керек”, – деп белгилеген.

Россиянын Кыргыз Республикасында ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушууда Өкмөт башчыбыз “Россия тарапка пандемия учурунда көрсөткөн  колдоосуна жана гуманитардык жардамга ыраазычылык билдирем. Өлкөдөгү саясий  кырдаалды жөнгө салууга Россия бийлигинин атайын өкүлү болуп келген Дмитрий Козактын салымы өзгөчө”,- деп айткан.

Садыр Жапаров жетектеген кыргыз бийлигинин өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү Россия менен мамилени бекемдөөгө багытталган кадамдары эки тараптын мындан аркы кызматташуусун улантууга болгон далалаты экенин көрсөтөт. Кыргызстандагы 300 дөй кошуна өлкөнүн үлүшү бар компаниялар жана 600 дөн ашык кыргыз-орус өнөктөш ишканалар  өз ишмердүүлүгүн улантмакчы. “Газпром” жана  “КыргызНефтегаз” Ачык Акционердик Коомдорунун инвестиция тартуу боюнча “жол картасы” улантылат. Россиялык “Алтын Альянс”  компаниясы чалгындай турган “Жерүй”  алтын кен казуучу фабрикасы ишке кирет.

Саясат талдоочу Марс Сариевдин айтымында  Евразиялык экономикалык кеңештин багытына жооп берген биринчи Вице-премьер Артем Новиковдун дайындалышы биз евразиялык багытта бара жатканыбыздан кабар берет.

Жапаровдун перспективалары

Садыр Жапаров Премьер-министр болуп турган учур өлкө чоң экономикалык кыйынчылыктар  мезгилине туура келди. Пандемия шартында ишкерлик төмөндөп, бюджеттин таңкыстыгы 35 миллиард сомду түзүп турат. Бирок жаңы бийлик бул кырдаалдан чыга алат деген үмүт чоң.

Анткени өкмөткө жаш, прогрессивдүү кадрлар келди. Экономикалык амнистия жарыяланды. Коррупция менен аеосуз күрөш жүрүүдө. Эл аралык мамилелер бекемделүүдө.

С. Жапаров ички саясий айдыңда дагы каршылаштарга дуушар болууда. Коомдун либералдык бөлүгү ал демилгелеген Конституциялык реформага каршы чыгып жатат. Реформанын мааниси Президенттин милдеттерин күчөттү. Аны өлкөдөгү бардык иштерге жооптуу кылуу. Ал эми Премьер-министрдин болсо укугу азаят. Мындан сырткары, С. Жапаров депутаттарды можаритардык система менен шайлоону колдоп келет. Мында шайлоочулар партияга эмес, конкреттүү бир адамга добуш берет. Бул кадам партиянын атын жамынган күмөндүү адамдардын парламентке келүүсүнө бөгөт коет.

С. Жапаров  Президенттин милдетин аткаруучу жана Премьер-министрлик кызматынан баш тартты. Ал жөнөкөй жаран катары Президенттикке талапкерлигин коюп, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Учурда ал өлкөнүн бардык жарандарынын колдоосуна үмүт артып турат. Анын буга чейинки кадыр – баркына аз убакыт болсо дагы Өкмөт башчы болуп иштегени, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшү, ишкерликти колдогону  жакшы жагынан кошумча болду.

Садыр Жапаровдун бейнеси

Садыр Нургожоевич Жапаров 1968-жылдын 6-декабрында Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган. Мектепти бүткөндөн кийин бир жылча Санташ совхозунда  иштеген.  Андан соң 1986-жылы Фрунзе шаарындагы  Дене-тарбия институтуна тапшырган. Бир жылдан кийин Советтик армиянын катарына аскердик кызмат өтөөгө  чакырылган.

С. Жапаров 35-Таллин Кызыл жылдыз бригадасынын башкармалыгынын  57849-аскер бөлүгүнө жиберилген. Бул Новосбириск областынын Коченево кыштагында жайгашкан дараметтүү байланыш полку. Аскерден кийин болочок саясатчы “Санташ”  совхозуна келип иштеген. Кийинчерээк ишкерлик менен алектенген. Экинчи жогорку билими боюнча юрист.

Саясатка С.Жапаров 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты катары келген. 2007-2009 -жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси жана бир мезгилде, 2008-2009 жылдары Коррупция менен күрөшүү Улуттук агенттигинин комиссары  болгон.

2009-2010 жылдары  Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу Агенттигин башкарган.

2010-жылы апрель окуяларынан кийин Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” саясий партиясынан депутат болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Булак: “Регионы России”