Бөрүбашев: Конституциялык мыйзам долбооруна сунуштарды сайт аркылуу да берсе болот

Конституциялык кеңешменин курамында мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, окумуштуу, илимпоздор жана ар кандай коомчулук өкүлдөрү бар. Бул тууралуу Биринчи радионун таңкы эфиринде Конституциялык кеңешменин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев билдирди.
Анын айтымында, кеңешменин курамына кирбей калгандар өз сунуштарын отурумдарга келип катышып берүүгө болот. Мындан сырткары, атайын сайт аркылуу сунуштарды калтырууга болот деди Бөрүбашев