Мамлекетте, саясатта өзүнчө интрига, КТРде өзүнчө интрига. Бул Кыргыз коомчулугунун турмуштук постулаты…
КТРКнын башкы директорун шайлоого такыр кызыкчу эмесмин. Менин пикиримсиз деле шайланып алышчу. Бирок сөзсүз ызы-чуу менен. Быйыл деле «гендиректор кетти…, ордуна замдиректор калды…, жөндиректор келди…» деген сөздөр болуп жатты. Ага деле маани бергеним жок эле… Анан эле жеке тааныштыгым бар адамдар (арасында курсташтарым да бар экен) «мен жетекчи болом» деп чыкканын көргөндө, кантип болушаар экен деп, шайлоо өнөктүгүнө (интригасына) кызыгып калдым. Шайлоого 15тей адам катышып жатыптыр (КТРКнын жетекчилигин шайлоо парламенттик жана президенттик шайлоонун эле миниформасында кызыктуу жана саясий оюндарга күч экен).
КТРКнын башкы директорун КТРКнын Байкоочу кеӊеши шайлайт. Азыр башкы директордун милдетин КТРКнын Республикалык радио телеборборунун директору Бахтияр Алиев аткарып жатат жана ал да шайлоого катышууда. Жетекчи болом деген бардык талапкерлерге ийгилик каалайм жана чынында эле иш билги, менежерлик жөндөмү бар инсан келип, КТРКны дагы да жаӊылашына тилектештик билдирем.
Эми ушул жерде бир-эки нерсеге токтолгум келип турат.
Жакында КТРКнын жалпы жамаатынын жана КТРКнын Ардагерлер кеӊешинин Байкоочу кеӊешке кайрылуусун окуп калдым. Эки кайрылуууда теӊ Б.Алиевдин талапкерлигин колдоп берүү өтүнүчү айтылыптыр. Бул алардын укугу деӊизчи… Бирок «баланчаны эмес, тааныш-билиштик кылбай, кол ийрисине тартпай, калыс, татыктуу шайлап бергиле» деген өтүнүч болсо, аябай туура болмок. Анда Байкоочу кеӊеш деле өзүн жогору сезип, калыстыкка көбүрөөк ыктаар беле. Бул бир.
Кийинкиси катуураак. КТРКнын жалпы жамаатынын кайрылуусу өзгөчө көӊүл бурууну талап кылат. Эмнеге? Анда, жамаат өз тандоосун билдириптир. Ал, албетте, алардын эрки жана укугу. Бирок бул жерде эки нерсеге токтолгум келип турат.
Биринчиси – бул кайрылуу эмес эле, ультиматум экен! Экинчиси – кайрылуу жалпы жамааттын кайрылуусубу же КТРдин элитасынын (продюсерлер тобун ушундай аташчу эле) эле каалоосубу?
Биринчисине токтололу. Анда «жамаат» Б.Алиевди шайлап бергиле деп көптөн-көп өтүнөт жана андан башка багы бар адам келип калса, аны менен иштешпейбиз деп коркутат (аны кара тамгалар менен өзгөчө белгилеп коюшуптур). Демек, Байкоочу кеӊеш Б.Алиевди гана шайлаш керек экен да. «Кудай уруп», «шайтан азгырып», башканы шайлап алышса, аны менен эч ким иштешпей, кайра шайлоо болот турбайбы… Эмне, башка талапкерлер ТВнын ишин билбеген, жетекчилик жана менежерлик сапаты жок, мажирөө немелерби..?
Эгер «жамааттын» гана айтканын шайлап, өз позициясын билдире албаса, анда Байкоочу кеӊештин эмне зарылдыгы бар?
Экинчисине токтололу. Ыраматылык М.Эшимканов КТРге жетекчи болуп келгенде бир эже менен сүйлөшүп калдым эле. «Эми КТРде аябай өзгөрүү болот го, эскилердин көбү жумуштан айдалат го» десем, ал эже «оо, КТРде менмин деген карт бөрүлөр бар, Эшимкановуӊду деле жеп коюшат. Ошончо күчтүү Карыпкуловду буруп алышкан аларга Эшимканов ким болуп калыптыр» деген эле.
Байкашымча Б.Алиевди деле ошол «карт бөрүлөр» (өзгөчө продюсерлер тобу) түртүп жатышкандай. Демек, бул интрига иш билги адисти алып келүү эмес, айрым топтордун өз кызыкчылыгын коргоо максатында «ыӊгайлуу» адамын коюу аракети экен. Эгер, кудай бак айткан болсо, Б.Алиев гендиректор болуп шайланып калса, өзгөчө топтун айтканынан чыга алабы? Алардын туура эмес ишин байкап калса (эгер ошондой бар болсо), аларды тыя алабы? Бул чоӊ маселе!!!
Эмне үчүн өзгөчө «жамаат» «чоочун» бирөөнүн болушун каалабайт, эмнеге «өз» кишисин көргүсү келет? Ушул жерде бир мандем бардай…
Эмне үчүн президенттик жана парламенттик шайлоонун таза жана калыс өтүшүн дайыма талап кылып келебиз да, КТРКга келгенде антпейбиз. Келгиле, КТРКда деле шайлоо калыс өтсүн, ким өзүн мыкты көрсөтө алса, ошол келсин да, өзгөчө «жамаат» үчүн эмес, жалпы жамаат жана Кыргызстан үчүн иштеп берсин. Байкоочу кеӊештин ишине тоскоол болбогула. Ар абийиринин алдында өз тандоолорун аткарышсын!
Бардык талапкерлерге ийгилик!!!
Базарбай Гапаров, журналист