Ар заманда карысы бар үйдө кут уялап, элдин ырысына-ырыс жугушуп, акылдын түгөнгүс булагы болгон аксакалдар элдин уңгу-уюткусу болуп келген. Эл башына түшкөн каргашалуу окуя болобу, каптаган токчулук, жут болобу, акылды туу тутуп, ынтымакты бекемдеп, эл-журтубузду бириктирип келген карыялардын кадыр-баркы ар дайым бийиктеги туу болуп келген.
Бүгүнкү күндө да элдин акбакайы болгон рух кеменгерлеринен уучубуз куру эмес. Ошолордун бири – аймагыбыздын кадыр-барктуу аксакалдарынын бири Икрам Абдиев авабыз тууралуу кеп болмокчу.
Икрам Абдиев 1936-жылы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулган. 1946-жылдын 1-сентябрында Калинин атындагы жети жылдык мектебине 10 жашында биринчи класска келген.
Андан соң, 1952-1955-жылдары райондогу Токтогул атындагы орто мектебин аяктап, 2 жыл “Калинин” колхозунда учетчик болуп эмгектенген. 1957-1962-жылдары КМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетин аяктап, 1962-67-жылдары «Кыргызстандын 40 жылдыгы» жана «Кулунду» орто мектептеринде мугалим, окуу жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркалаган. Андан кийин 1967-жылы райондук партия комитетинин үгүт жана насыят бөлүмүндө инструктор, 1969-1971-жылдары райондук комсомол комитетинин 1-катчысы, 1971-73-жылдары Кулунду колхозунун парткомунун секретары, 1973-1975-жылдары Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн башчысы, 1975-жылдын март айынан 1982-жылдын июнь айына чейин жаңыдан уюшулган «Өзгөрүш» совхозунда парткомдун секретары кызматын аркалаган.
Ал эми 1982-1984-жылдары Лейлек райондук партиялык комитетинде иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1984-1985-жылдары Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыкканга чейин райондогу мектептер аралык окуу-өндүрөштүк комбинатынын директору кызматын аткарып, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыкса да, 2005-жылга чейин райондук эмгек жана согуштун ардагерлер Кеңешинин төрагасы болуп, 2000-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча комиссиянын төрагасы милдетин аткарып, уюштуруу иштерине активдүү катышып, эл кадырлаган карыя катары өз ордун таап, ырыскылуу карылыктын доорун кечирүүдө.
Икрам ава, мындан ары да төрдүн көркү болуп, жаштарыбызга алтындай болгон акыл-насаатыңызды айтып, бекем ден соолукта болуп, көп-көп жылдар арабызда аман жүрүңүз!