24-ноябрда Бишкекте президенттикке талапкер болууга Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берген саясатчылар укуктары бузулуп жатканы жөнүдө маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу президенттикке талапкер катары арызын берген Клара Сооронкулова билдирди.

Жыйынга канча талапкер жана кимдер катышары жөнүндө айтылган жок. Маалымат жыйында талапкерлердин укуктарынын бузулушу, административдик ресурстарды колдонуу жана тоскоолдуктар жөнүндө сөз болот. Алар алдыдагы шайлоонун акыйкат өтүшүнө шек жараткан жагдайларды айтып беришет.

Белгилей кетсек, 10-январда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого ат салышууга 63 киши арыз берип, ар кандай себептер менен он үчү жарыштан чыкты.