Садыр Жапаров конституция жөнүндө эмнелерди айтты?

Кечээ 23-ноябрда КР Президенттигине талапкер Садыр Жапаров жергиликтүү телеканалдардын бирине маек берди. Анда Садыр Жапаров конституция жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирди:
1. Бул долбоорду мен жазган жокмун, 1-2 сунушту эле киргиздим. Бул долбоорду курултайчылар 10 жылдан бери көтөрүп келе жаткан. Бул Текебаевдин конституциясына альтернатива.
2. Элдик конституция болсун, элге кызмат кылсын.
3. Эгерде мен жеке кызыкчылыгымды көздөсөм жок дегенде 3-5 жыл ушул конституция менен эле башкарып отура бермекмин. Мага жеке кызыкчылык кереги жок, мага тез арада саясий реформаларды жасап, тузгуп анан ак барактан экономика менен алек болойлу дегем.
4. 30 жылдан бери бир дагы президент элге отчёт бере элек. Курултай бул катаны ондойт
5. Конституция эртен-бурсугуну кабыл алынбайт, шашпай кабыл алыш керек, 1-2 ай талкуу журго берсин. Каршы чыккандар өз демилгелерин Академия наукга келип айта беришсин. Коомдук талкуу журуп жатат
7. Президенттик шайлоого депутаттарга сунуштадым Зулушевдин референдум жөнүндө демилгесин чыгарып бергиле, эл озну тандоо жасасын. Президенттик же парламенттик башкарууга добуш беришсин
8. Кыргызстанда элдин оозун эч ким жаба албайт. Бизде демократия! Демократияны өнүктүрө беребиз