Казакстандын аймагында акыркы сутканын ичинде 678 адамдан коронавирус аныкталды.
Муну менен пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 126 860 адамдан коронавирус аныкталды.
Тажикстандын аймагында дагы 38 кишиден вирус табылды. 30-апрелден бери жалпы 11 миң 932 адамга коронавирус жукту.
24-ноябрдан тарта Эстония өкмөтү COVID-19 жайылышына байланыштуу жаңы чектөөлөрдү киргизди. Жергиликтүү жашоочулар коомдук жайларда, анын ичинде коомдук транспортто жана тейлөө ишканаларында беткап кийиши шарт. Ошондой эле, 28-ноябрдан баштап коомдук иш-чараларга 400гө чейин кишиге гана катышууга уруксат берилет. Бул чектөолөрдү сактабагандарга 9 600 евро айып пул салынат. Өткөн суткада Эстонияда 232 адам ооруну жуктуруп алса, ооруга чалдыккандардын жалпы саны 9 956га жетти.
Чехия Европа Бирлигинде коронавирустан каза болгондордун саны көп катталган өлкө болуп калды. Европалык Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, эпидемиологиялык кырдаал «өзгөчө тынчсызданууну» жараткан өлкөлөр Австрия, Бельгия, Болгария, Хорватия, Чехия, Дания, Франция, Венгрия, Исландия, Ирландия, Италия, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланды, Польша, Португалия, Румыния, Словения, Словакия, Испания, Швеция жана Улуу Британия болууда. 100 миң калкка COVID-19дан каза болгондордун эң көп саны Чехияда катталган, андан кийин Бельгия, үчунчу орунда Болгария турат. Алдыңкы бештикке ошондой эле Польша менен Словения кошулду.
Европадагы коронавирустун экинчи толкунунун келип чыгышына жай айларында талаптагыдай даярдыктын көрүлбөгөндүгү себеп болгон. Эгерде керектүү инфраструктура өз убагында түзүлбөсө, анда үчүнчү толкун 2021-жылдын башында келет. Мындай пикирин дүйнөлүк саламаттык сактоо
уюмунун атайын өкүлү Дэвид Набарро маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди. Эксперт, Европа мамлекеттеринде пандемияга каршы күрөшүүдө инфекциянын жайылышын чектөөдө ийгиликке жетишкен Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн үйрөнө турган көп нерсе бар деп эсептейт.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду кийинки жылы өнүгүп келе жаткан 92 өлкөгө COVID-19га каршы вакцина жана ийне жеткирип берүүнү пландап жатат. ЮНИСЕФ буга чейин дагы жыл сайын башка жугуштуу ооруларга каршы вакциналардын 2 миллиард дозасын сатып алып, дээрлик 100дөй өлкөдөгү эмдөө иштерине пландуу түрдө көмөк көрсөтүп келген. Өткөн дем алыш күндөрү Эр-Риядда виртуалдык ыкмада өткөрүлгөн «Чоң жыйырмалыктын» саммитинде Батыш Европанын эки ири өлкөсүнүн өкүлдөрү тынчсыздандырган маалыматты айтышкан. Ага ылайык, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө колдоо үчүн атайын каражатты топтоо иши кечигип жаткан чакта, бай мамлекеттер вакциналарды сатып алууга киришүүдө.
Булак: Биринчи радио