Мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кечээ жергиликтүү телеканалга маек берип, учурдагы абал тууралуу кенен талкуулады. Коомчулуктун талкуусун жараткан жаңы Конституцияны кабыл алууда алгач эл кандай башкарууну каалап жатканын билип алууну сунуштады.

Анын айтымында, мындай суроо менен президенттик шайлоодо референдум өткөрүлүшү керек.

“Былтыр депутат Курманкул Зулушев “Парламенттик же президенттик башкарууну каалайсыңбы?” деп референдум өткөрүүнү Жогорку Кеңештин кароосуна киргизген. Мен ошол суроону президенттик шайлоого кошуп референдумга койсо деп суранып кетет элем. Көчөгө чыгып эки тарап болуп кыйкырышып жатышат, жалпы элдин пикирин угалы. Андан кийин ошого карап бүгүн талкууланып жаткан Конституцияны кабыл алалы”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал экинчи графа менен “ЖК депутаттарын шайлоо бир мандаттуу жана партиялык тизме мененби же мурдагыдай эле партиялык тизме боюнча болсунбу?” деген суроону да элдин тандоосуна коюуну сунуштады. Аралаш шайлоодо 35и бир мандаттуу, 55и партиялык тизме менен парламентке келет.