Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан октябрь айына чейинки аралыкта Ак-Суу районунан жана Каракол шаарынан банк мекемелеринен, ошондой эле соода түйүндөрүнөн бир катар уурулук фактылары катталган.
Алып айтканда, 10-февраль күнү белгисиз адамдар Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында жайгашкан «Мөл-Булак» микрокредиттик компаниянын имаратына эшигин сындырып киришип, 800 миӊ сомду түзгөн уюлдук телефондорду уурдап кетишкен.
21-июль күнү, ушул эле айылда жайгашкан «Бай-Түшүм» банктын имаратынан терминалды сындырышып, анын ичиндеги 91250 сом акча каражатын чыгарып кетишкен.
Сентябрь айында, ушундай ыкма менен Каракол шаарындагы «Бакай-Банк» банктын терминалындагы акча каражатын алууга аракет көрүлгөн.
Ал эми, октябрь айында Каракол шаарынын соода түйүндөрүнөн бирдей ыкмада жасалган 3 уурдоо фактысы катталып, 50 миӊ сомдон ашык турган буюмдар уурдалган болучу.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн КЖБРде катталып, Кыргыз Респуликасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) жана Жоруктар жөнүндө кодексинин 90-беренелери (Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Жакында Ысык-Көл ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана уюшкан кылмыштуулука каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыштарга шектүү адамдардын өздүктөрү аныкталып, колго түшүрүлдү. Алар, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары турушкан Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылынын 31 жаштагы тургуну А.А. жана Чүй облусунун Лебединовка айылынын 35 жаштагы жашоочусу О.У. болуп чыгышты.
Соттун чечими менен кармалган шектүүлөргө камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, алардын ушундай өндүү кылмыштарга катыштыгы бар, же жоктугу текшерилүүдө.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы