Кыргыз Республиканын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жайылтууну, сактоону аныктоого, токтотууга багытталган атайын операцияларды ийгиликтүү аякташты.
2020-жылдын 13-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268-беренеси боюнча козголгон сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын тергөө аракеттеринин натыйжасында ИИМдин БМЖКККнын башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл районунун аймагынан 2001-жылы туулган К. уулу Э. аттуу жаран кармалып, ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда чөнтөгүнөн баштыкка оролгон, өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган.
Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган каражат 45 грамм «гашиш» жана 150 грамм «марихуана» баңгизаты экендиги аныкталган.
2020-жылдын 19-ноябрында «Притон» атайын операциясын жана тинтүү амалдарын жүргүзүүнүн натыйжасында кызматтык итти пайдалануу менен Аксу районунун Теплоключенка айылында жашаган 1961-жылы туулган П.В. аттуу жарандын үйүндөгү чатырынан баштыкка оролгон өзгөчө кендир жыты бар каражат табылып алынган. Алынган «марихуана» баңгизаты 4 килограмм 800 граммды түзгөн.
Мындан тышкары, ошол эле күнү кызматтык итти пайдалануу менен тинтүү жүргүзүү учурунда 1984-жылы туулган К.Э. аттуу жарандын Аксу районунун Ичке-Жергез айылында жайгашкан кароосунан өзгөчө кендир жыты бар бир кап зат табылып алынган.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 5 килограмм «марихуана» баңгизаты алынган.
Жогорудагы бардык факты боюнча табылып алынган баңгизаттын жалпы салмагы 9 килограмм 995 граммды түздү.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.
ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы