Айгүл Жапарова: “Жолдошум ар дайым камактан чыгаарын, эл аны колдоп алаарын айтып келген. Элдин колдоосуна ишеними чоң болгон”.

Россиянын ММК булактары өткөндө Садыр Жапаров тууралуу жазып чыгышкан. Эми Россиянын “ОколоПолитики” сайты Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапаровадан маек алышыптыр. Сайттагы маек озгөртүүсүз которулуп берилди.

Мамлекеттин “Биринчи Айымы” – ким?

Эмне менен алектенет?  Президенттин жубайы Айгул Жапарова менен болгон маек.  

Айгул айым сизден интервью алып жатканыма кубанычтамын. Сиздин “Биринчи Айым” макамыңыз биздин журналдын концепциясына эң ылайык келет. Анткени бир четинен, саясатчынын жубайы – бул  расмий тарап эмес, бирок ошол эле кезекте саясатка түздөн-түз тиешелүү адам. Келиңиз, маекти турмуш курган күндөн баштасак. Үй-бүлөңүздөр кандай түзүлгөн,  Садыр менен кандайча таанышып калгансыздар? Үйлөнгөнгө чейинки кыз- жигит мезгил кандай өткөн?

– Биз Садыр экөөбүз таанышканда абдан жаш болчубуз. Дароо айтып коеюн, ал  өтө деле романтик эмес. Бирок, студент маалыбызда Садыр Бишкекте мен Караколдо окуп жүргөндө, ал жума сайын мага телефон аркылуу сүйлөшүүгө чакыруу телеграммасын жөнөтүп турчу, ошол мезгилде Советтер Союзундагы байланыштын  жалгыз түрү болгон. Апта бою чыдамсыздык менен күтүп, сүйүнүп сүйлөшүүгө барган күндөрүм эсимде. Ал күн келгенде кээде эмнени сүйлөшөөрүбүздү деле билбей калчубуз. Жөн гана бири-бирибиздин үнүбүздү угуу бакыттай сезилчү. Андан кийин үйлөнүү үлпөт, балдарыбыздын төрөлгөнү. Төрт балабыз бар. Ар бир перзентибиздин жарык дүйнөгө келгени биз үчүн чон бакыт тартуулаган. Төрөлгөнү эле эмес алардын алгачкы кадамдары, биринчи сүйлөгөн сөздөрү. Балдарыбыз- бул биздин кубанычыбыз, бактыбыз жана сыймыгыбыз. Баардык эле үй-бүлөлөрдө ушундай болсо керек (жылмая). Кээде Садыр көп иштеп  маанилүү учурларды өткөрүп жиберди  деп ойлонуп кетем.

– Жолдошуңуз маанилүү чечимдерди кабыл алаарда Сиз менен акылдашабы? Мисалы, премьер-министр болоордо кеңешти беле?

– Билесизби, премьер-министр болоордо кеңешүүгө деле убакыт болгон жок, баардыгы ушунчалык тездик менен болуп кетти. Бирок, жолдошум ар дайым камактан чыгаарын, эл аны колдоп алаарын айтып келген. Элдин колдоосуна ишеними чоң болгон.

– Биздин өлкөлөрдүн окшош жактары көп, бирок, тилекке каршы жыл өткөн сайын бири-бирибиз тууралуу маалымат алмашуу азайгандан азайып барат. Сиздин оюңуз боюнча бул жагдайды кантип өзгөртсө болот?

– Чындыгында бизди  тарыхыбыз жана маданият бириктирип турат. Россия империясынын тушунда эле кыргыз менен орус эли бирге жашап, жакшы тааныш болуп келген, бири-бирин түшүнгөн. Ал эми СССР мезгилинде биз бир мектепке, институттарда окуп,  Советтик армиясында кызмат өтөгөнбүз. Кийинчерээк, Советтер Союзу урагандан кийин алыстай баштадык, байланыштарды  жана бири бирибизди түшүнүүнү жоготтук. Бирок мунун баарын туризм жана маданият жаатындагы кызматташууну  өнүктүрүү жолу менен калыбына келтирүгө болот.

Кыргызстан – меймандос өлкө.  Дос, туугандарды конокко чакыруу биздин салтыбызда бар. Ал эми дасторкон жаюу – өзүнчө эле искусство. Кыргыздар жада калса алыскы туугандары менен дагы тыгыз мамиледе болушат, той-маараке, тажия жана айт майрамдарына чакырып турушат. Биз досубузду, тууганыбызды жада калса бейтааныш адамды да кырсыкта жардамсыз калтырбайбыз. Кандай кырдаал болбосун жардам берүүнү парз көрөбүз. Бул биздин менталитетибиз, салтыбыз эзелтеден бүгүнкү күнгө чейин сактап барктап келебиз.

– Туристтерге өлкөңүздөгү эмнелерди  сунуштайт элеңиз?

– Кыргызстанда туризм жеткиликтүү өнүккөн, биздин өлкө өзгөчө кооз жайларга бай. Булардын сап башында берметибиз – Ысык-Көл, Сары-Челек, тоолорубуз, Жеңиш чокусу, заманбап “Каракол” лыжа базасы, Арстанбап жаңгак токою, Сулайман-Тоо, Таш-Рабат, Бурана сыяктуу тарыхый-археологиялык комплекстер жана башка көптөгөн-көптөгөн кызыктуу жерлерибиз бар. Бул жайлар биздин өлкөнүн сыймыгы. Кыргыздар Россияга барганды жакшы көрүшөт, иш сапарлары менен да,  эс алуу максатында дагы баргандар арбын. Анткени,  Россия дагы өз кезегинде биздин жарандарды меймандостук менен кабыл алып келет. Ушул салттарыбызды жана бир- бирибизге болгон жылуу мамилебизди сактап,  дагы  да өнүктүрүшүбүз керек.

– Айгул айым, биз жогоруда айтып өткөндөй саясий лидерлердин жубайлары шайланышпайт, бирок өз өлкөлөрүнүн расмий жүзү болуп саналып, жарандык коом менен мамлекеттик мекемелердин карым катнашын түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүкө ээ болушат. Бүгүнкү күнгө чейин кандай иштер жасалды? Алдыда кандай пландарыңыз бар?

 Азыр,  короновирус пандемиясына каршы  күрөштө элдерге жардам берүү менин  негизги максатым. Пандемия калк үчүн дагы,  мамлекеттин экономикасы үчүн дагы чоң коркунучка айланды. Июль бул жылдын эң оор айы болду. Бизде “кара июль” деген атка конду: ооруканаларда орун жетпей, акча тартыштыгы жаралып, эл айлык-маяналары жок, мамлекет тарабынан колдоо болбой, өз көйгөйлөрү менен жалгыз күрөшүп жатты. Жакындарын жоготушту, ушул пандемияда менин дагы апам каза болду. Бүгүнкү күндө болгон күчүм миңдеген ыктыярчылардын башын бириктирүүгө багытталган. Мен ойлоп таппайм, каржылабайм дагы болгону тандабастан, жалпы элден жардамын аябаган, кайдыгер эмес жарандарды бириктирем. Бир бөлүгү дары-дармек, азык-түлүк жеткирүү менен алектенишсе, айрымдары  бейтаптарга тез жардам берүү үчүн уюшулушкан. Мындан тышкары мен азыр октябрдагы окуяларда жабыркагандарга жардам берүүдөмүн. 5-6 октябрда  миңден ашык жарандар жаракат алышкан. Жеңил жараат алгандарда тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп оорукандан чыгышкан. Ал эми оор жаракат алгандар азыркыга чейин дарыланып жатышат. Кээ бирлерине бир нече жолудан операция жасалды. Биз жарандык активисттер менен бирге аларга жардам берүүдөбүз. Эң көп жардамды  “Мехмед чакмак” түрк клиникасы  көрсөттү. Алгач, 20 адамдын дарылануусун төлөп бергенбиз, бирок бул клиника каражатты жабырлануучуларга берип коюуну сунуштап, өздөрү операцияларды акысыз жасап беришти. Бул сыйга татыйт, биз аларга ыраазычылык билдиребиз.

– Эми сизге көптөр теңелүүгө аракет жасашат, үлгү келтиришет, кооптонбойсузбу?

– Бул мени кооптондурбашы керек деп ойлойм. Бул мага жоопкерчилик кошот, ошол эле кезде чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Мен ал мүмкүнчүлүктөрдү элдин жыргалчылыгына жумшаймын. Анын үстүнө ар дайым элге жакын болууга далалаттанып келгемин. Мүнөзүм дагы ачык жана коммуникабелдүү, балким, бул сапаттарым өлкө башчынын аялы үчүн жакшы эместир…

Булак: “ОколоПолитики” сайты

Бул шилтемеден Айгүл Жапарованын орусча маегин окуй аласыздар:

АЙГУЛЬ ЖАПАРОВА

 

«Первая леди» государства – кто она? Чем занимается?  Об это и о многом другом мы поговорили с Айгуль Жапаровой – супругой президента Киргизии.   – Айгуль, мне очень приятно брать у Вас интервью. Ведь Вы в своем статусе «Первой Леди», как нельзя лучше отражаете концепцию нашего журнала. С одной стороны, супруга политического деятеля лицо неофициальное, но … Читать далееАЙГУЛЬ ЖАПАРОВА