Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2020-жылга карата уюштуруу-практикалык планына ылайык, республиканын аймагында “Издөө” операциясы жүргүзүлдү.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча рейддик ыкчам алдын алуу иш-чарасына аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери дагы тартылды. Издөө топтору тарабынан издөөгө алынган кылмышкерлердин болжолдуу жүргөн жерлери текшерилип, дайынсыз жоголгондордун кайда жүргөндүгүн, өздүгү такталбаган өлүктөрдүн ким экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
Операция жүргүзүү маалында ички иштер органдары укукка каршы аракеттерди жасап, анын ичинен оор кылмыштар үчүн издөөдө жүргөн 92 адамды кармашты. Адам өлтүрүү үчүн кол салуу — 1, карактоо — 1, тоноо — 1 жана башка кылмыштарды жасашкан — 46, КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдары издөөгө алган -2, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн — 1 адам кармалды.
Республика боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-алдын алуу операциясынын натыйжасында 121 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен киши өлтүрүү — 1, ден соолукка атайылап зыян келтирүү — 3, зордуктоо — 2, тоноо — 2, уурдоо — 40, алдамчылык — 35, ээнбаштык — 9, автомототранспорт каражаттарын мыйзамсыз ээлеп алуу -1 жана башка кылмыштар — 25.
Андан сырткары, “Издөө” операциясынын жүрүшүндө баңгизаттарга тиешелүү-2 факты, ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо — 2 факты аныкталды.
Дайынсыз жоголгон 21 адамдын кайда жүргөндүгү, өздүгү такталбаган 6 өлүктүн өздүгү такталды.
Республиканын аймагында жүргүзүлгөн “Издөө” операциясынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын ИИМдин ТИИБдин, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИББдин, Ош шаарынын жана облустардын ички иштер башкармалыктарынын жыйындарында каралды.
ИИМдин Басма сөз кызматы