«Кыргыз Унаа Курулуш» компаниясы алгачкы тез жардам унаасын көрсөттү.
Аталган компания 2019-жылдын март айында биринчи этабы иштей баштаган. Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өткөн.
Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылып жатат.
Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылган.