Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тышкы карызды төлөө үчүн Кыргызстанга инвестиция жасагандарга өлкө жарандыгын берүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү демилгелеген мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылат.

Ага ылайык, Кыргызстандын тышкы карызын төлөө үчүн ачылган атайын эсепке 100 миң доллар өлчөмүндө акча которгон чет өлкөлүк жарандарга кыргыз жарандыгын жеңилдетилген тартипте берүү сунушталууда.

Бекешев эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстан инвестициянын өтөлгөсүнө жарандык берген Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп калат деп эсептейт.

Документте атайын эсепке 50 миңинчи жаран акча которгондон кийин мыйзамдын иштөө мөөнөтү токтотулары белгиленген. Депутаттын пикиринде, мындай жол менен 5 млрд доллар топтоп, тышкы карыздан кутулса болот.