Каракол шаарында алдоо жолу менен автоунааны сатып жиберген шектүү адам кармалды

Каракол ШИИБне Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылынын тургуну арыз менен кайрылды. Өзүнүн арызында, сентябрь айынын акыркы ченинде «Мерседес-Бенц спринтер» үлгүсүндөгү автоуунасын Каракол шаарынан Азамат аттуу адам сырдап берем деп алып, аны кийинчерек башка адамга 200 миӊ сомго сатып жибергендигин жана соодадан түшкөн акча каражаттары менен качып кеткендигин билдирген.
Аталган факты Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204 (Алдамчылык) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жакында, Каракол шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү. Ал, Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Ч.А. болуп чыгып, алгачкы тергөө сурагында күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Далил зат катары сатылып кеткен автоунаа алынды.
Учурда, ага карата соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, кылмышка шектүү адам Каракол шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө иштери уланууда.
Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы