Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим, новатор-педагог Гапыр Мадаминовдун «Акыл эмгегинин маданияты» китеби англис жана түрк тилдерине которулду. Бул тууралуу Гүлсара Мадаминова фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты. Төмөндө ошол билдирүүнү өзгөртүүсүз беребиз:
«Сүйүнчү эл журт! Бүткүл эл сүйүнө турган жаңылыгыбыз бар. Акыркы жылдары Түрк педагогдордун китептери катар-катар кыргызча которулуп жатты эле мына эми КЫРГЫЗДАН ЧЫККАН ЭЛ МУГАЛИМИ, ЧЫНЫГЫ ПЕДАГОГ Г. МАДАМИНОВ АГАЙДЫН «АКЫЛ ЭМГЕГИН МАДАНИЯТЫ» КИТЕБИ АВТОРДУН УРУКСАТЫ МЕНЕН АНГЛИСЧЕ ДА ТҮРКЧӨ ДА КОТОРУЛДУ.
Төмөндө түркчө котормону ишке ашырган агайдын өз сөзү берилди.
Кыргыз Билим берүүсүнүн жана педагогикасынын чоң ийгилиги!
Урматтуу достор, бүгүн Түркияда «мугалимдер күнү» деп белгиленет. Бүгүндүн урматына, чоң жаңылык менен бөлүшкүм келет! Баткендин жана жалпы Кыргыз билим берүү тармагынын улуу-урматтуу агайларынын бири Гапыр Мадаминов агайдын «Акыл эмгегинин маданияты» аталыштагы китебин Түрк тилине котордум. Ошол китеп «Öğrenmeyi Öğrenmek» (Үйрөнүүнү үйрөнүү) деген ат менен бүгүн Англияда CRAB PUBLİSHİNG басмасынан электрондук китеп болуп жарык көрүп, бүт дүйнөгө тарады. Ушул китеп, Кыргыз Билим берүүсүнүн жана педагогикасынын чоң ийгилиги болуу менен бирге, Түрк тилине которулган алгачкы жана жалгыз «өзүн өзү өнүктүрүү» китеби болуу менен да өзгөчөлөнөт!
Эмесе, Гапыр Агайга ден-соолук жана узак өмүр, китепке ак жол жана көптөгөн окурмандарды тилейм!».
Пс: Бул китеп менин эмгегим менен жарык көргөн 27-китеп!
Алга Кыргызстан!