2020-жылдын 25-ноябрь күнү ички иштер органдарынын күнүмдүк турмушун, ишмердүүлүгүн,  эрдигин даңктоо жана Кыргыз милициясынын образын ачып берүү максатында   уюштурулган  поэзия жанрындагы “Бир ырдын сынагы” аттуу конкурстун жыйынтыгы   чыгарылды. Бул конкурска жиберилген чыгармаларды тандоодо атайын топ түзүлүп, калыстар тобунун курамына кара кылды  как жарган Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунан жана ИИМдин кызматкерлеринен кирген.  Калыстар тобунун курамына Жазууучулар союзунан- союздун төрагасы Нурлан Калыбаев, союздун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыркулов, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери Аида Эгембердиева, “Нурборбор” чыгармачылык жаштар академиясынын башчысы Нурбек Мамытбаевдер мүчө болушту.

Бүгүн салтанаттуу шартта милициянын жаркын образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан баа жеткис эмгегин так жана көркөм   чагылдыра алган поэзиялык чыгармалардын авторлору акчалай сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.

Сынакта биринчи орунду Кутмырза Жакыбалиев ээлеп, 20 миң сом жана диплом менен сыйланды.  Экинчи орунду Зайырбек Ажыматов ээлеп, 15 миң сом жана диплом анын уулуна тапшырылды. Үчүнчү орунду Нарынбек Жамангулов ээлеп, 10 миң сом жана диплом алды. Төртүнчү орунду Ырысбүбү Сагынбаева ээлеп, 5 сом жана диплом менен сыйланды.

Дагы кошумча сыйлыктар менен сынактын алты  катышуучусу сыйланышты. Алар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкери, подполковник Өмүрбек Сагымбаев, акындар Ысмайыл Кадыров, Калыс Найзабеков, Урмат Керимбаев, Ырысгүл Изатова.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов тапшырды. “Ар бир кесип ардактуу, кандай кесип болбосун анын тарыхы, баскан жолу, алдыга койгон максаттары  болот. Мындан улам, Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу менен биргеликте милициянын жаркын образын ачып, анын тарткан түйшүгүн, жасап жаткан баа жеткис эмгегин так жана көркөм  чагылдыра алган поэтикалык чыгармаларга сынак жарыялаган эле.

Себеби, кыргыз милициясы бүгүнкү күндө эл менен байланышын бекемдеп, ишин элге таянып, эл менен бирдикте алып барууну көздөп, эл менен байланышты чыңдоо үчүн болгон күчүн жумшап, аракеттенип жатат. Эл да муну туура түшүнүп, жапа тырмак колдоп, жардамдарын аябай берип жатышат. Мына ушул байланышты мындан ары да кеңейтүү, мындан ары да күчөтүү максатында ушул ”Бир ырдын сынагы”  коомчулук арасына жарыяланган. Конкурска республиканын бардык аймагынан жаш курактарына карабай катышуучулар ырларын жөнөтүшүп,  активдүүлүгүн көрсөтүштү. Мындан ары дагы бул иш-чараны улантабыз деген ойдобуз.

Сынакты жыйынтыктап жатып, бул сынакка катышкан бардык калемгерлерге чын дилден ыраазычылыгымды билдирип, Сиздерге мындан ары да чыгармачылык зор ийгиликтерди, бекем –ден соолук жана үй-бүлөлүк чексиз бакытты каалаймын”,-деди министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов сөз сүйлөп, “Бул сынак кыргыз милициясынын элге кылган эмгегин, жасаган иштерин даңктай турган иш-чара. Эми ички иштер министрлиги  поэзия түрүндө гана эмес, милициянын  образын ачык-айкын ачып бере турган кара сөз түрүндөгү чыгармаларга дагы сынак жарыялоону колго алат деген ишеничтемин”,- деп билдирди.

Эске салабыз, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзу менен биргеликте уюштурулган Кыргыз милициясынын 96 жылдык мааракесине карата “Бир ырдын сынагы” аттуу конкурс  ушул жылдын 2-март күнү жарыялаган.

Конкурска жөнөтүлгөн чыгармалар ИИМ чыгарууну көздөп жаткан китепке чагылдырыла тургандыгын баса белгилейбиз.

ИИМдин Басма сөз кызматы