Көпчүлүк арыктоону каалап, диета кармагандар, адатта кечки саат 18-00 дөн кийин тамактанышпайт.  Ал эми мындай көрүнүш организмге терс таасирин берип, ашказан жабыркоосу мүмүкүн экендигин, диетолог Наталья Пугачева эскертет.  

Анын айтымында, арыктагысы келген адамдар кечки саат 18: 00дөн кийин тамак-аш жебей коюу менен гана чектелбеши керек.

«Кичинекей бир ууч жаңгак — бадам же мисте (болжол менен 30 грамм), бир стакан кефир же бир стакан табигый йогурт, киви (эки же үч), ашкабактын уругу  сизди кечки ачкачылыктан куткара алат», — дейт адис.

Ошондой эле, түнкү жеңил тамактарга алча, кулпунай, бышырылган жумуртка, бышырылган тоок эти, дан эгиндери жана мөмө-жемиш же ананас кошулган майсыз сүттөн жасалган коктейлдерди ичүүгө болот.

Адис акыркы тамак уктаар алдында бир жарым сааттан кеч эмес болушу керек экендигин кошумчалайт.

Пугачева уктаар алдында ачуу, майлуу жана туздуу тамактарды, ошондой эле курамында спирт, кофеин жана кумшекер бар тамактарды ичүүгө болбой турганын баса белгиледи.