2020-жылдын 17-ноябрында Россиядагы кыргыз диаспорасынын көз карандысыз «Кыргыз элим» маалымат порталы ишин баштады. Маалыматтар эки тилде — орусча жана кыргызча чыгат. Портал мекенден алыс жүргөн ар бир киши үчүн актуалдуу болгон маселелерге арналган.

Порталдын адреси: https://kyrgyzeli.ru/

Москвада диаспора үчүн өткөрүлгөн иш чаралар, мигранттардын бири-бирине берген пайдалуу кеңештери жана мекен тууралуу жаңылыктар — мунун баары көңүл чордонунда.
«Укук» бөлүмүнөн мигранттар тушуга турчу юридикалык суроолорго арналган. «Мекендештер үчүн маалымдама» бөлүмүндө Россияда жүргөндөр үчүн керектүү болуп калышы мүмкүн болгон уюмдардын телефон номерлери, даректери камтылган. «Экология» бөлүмү Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына жана аларды коргоо маселелерине арналган.

«Интервью» бөлүмүндө диаспора өкүлдөрү менен болгон маектер топтолгон. Алар жаңы жерде жумушка орношуу, Россияга жаңы келгендер кантип көңүп кетиши керектиги тууралуу ой-пикирлери жана тажрыйбалары менен бөлүшкөн. Ал эми «Эксперттер» бөлүмүндө болсо коомдук-саясий жана социалдык маселелер боюнча кыргызстандык адистердин учурда Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу ой-пикирлерин таап окусаңыз болот.

Жаңы медианын ачылып жатканын саясат таануучу Медербек Коргонбаев мындай белгиледи: «Кыргыз элим» порталык түзүү — бул Кыргызстан менен Россиянын алакасын бекемдөөгө кошкон сезилерилик салым. Бул аянтча Россиядагы биздин мигранттардын кызыкчылыгын камтыган пикир алмашууда, ар кандай маселелерди талкуулоодо чоң роль ойнойт. Биздин жарандар Россия менен Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу ыкчам маалымат алууга мүмкүндүк алышат». Ал ошондой эле, портал Россиядагы кыргыз диаспорасына чоң пайда алып келерине ишенерин билдирди.
«Чынын айтканда, Россия кыргызстандыктар үчүн экинчи үй болуп калды. Россия менен Кыргызстандын багыты жана кызыкчылары бирдей. Биз биргебиз. «Кыргыз Элим» порталына өсүп-өнүгүү каалайм», — деп ал сөзүн жыйынтыктады.

«Кыргыз Элим» порталы менен байланышып, диаспорага байланышкан материалдарды partnership@kyrgyzeli.ru электрондук дарегине жиберип, же порталдагы кайтарым байланыш аркылуу кайрылсаңыз болот.