28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
29-30-ноябрларда абанын температурасы абдан төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.