Каргашалуу өлүм биздин катардан өз өмүрүн бүт милиция кызматына арнаган татыктуу офицерден айрыды. Ал өз кызматын абийирдүү аткарып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кадыр-баркы жогору болгон. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кесиптеши, ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы полковниги Бузурманкулов Жолдошбек Карабалаевичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен маалымдайт.
Анын бүт өмүрү ички иштер органдарына жана элине кызмат кылууга арналган. Ал ар дайым маанайы жарык, жардамын эч кимден аябаган, сөзү менен иши төп келген инсан эле. Жолдошбек Карабалаевич менен маектешүү ар дайым жагымдуу маанай тартуулап, мол тажрыйбасы менен бөлүшүп келген.
Жолдошбек Карабалаевич Бузурманкулов 1947-жылдын 2-октябрында Талас областынын Талас районундагы Кең –Сай айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин жана СССР ИИМдин Карагандадагы жогорку мектебин аяктаган. Ички иштер органдарына Жолдошбек Карабалаевич Фрунзе шаарынын ИИБдин Ведомстволук милициясынын өзүнчө взводунун 2 разряддагы милицияонери болуп келген. Бир жыл өткөн соң, Фрунзе шаарынын Свердлов районунун аткаруу комитеттинин ИИБдин бириктирилген дивизиондук бөлүмчөсүн жетектеген. Андан кийин Октябрь РИИБнин бириктирилген дивизионунун бөлүмчөсүнүн взводдун командири, КССРнин ИИМдин Коомдук тартипти сактоо башкармалыгында улук тескөөчүсү, Фрунзе шаарынын аткаруу комитетинин ИИБдин алдындагы ведомстволук эмес күзөт кызматынын жетекчисинин орун басары, Октябрь районунун аткаруу комитетинин ИИБдин башчысынын орун басары, 1991-жылы ИИМдин “Бетме Бет” газетасында редактордун орун басары, 1993-жылдан 2004-жылга чейин ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысы болуп эмгектенип ардактуу эс алууга чыккан . Андан кийин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында коомчулук менен байланышуу бөлүмдөрүндө иштеп жүргөн.
Өз кесибинин мыктысы, милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкулов ИИМдин бардык сыйлыктары менен сыйланган. Көптөгөн чыгарчылык сынактардын жеңүүчүсү, журналист, котормочу, бир нече китептин автору болгон. Эмгек жолунун 36 жылын милицияга арнаган. 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Жолдошбек Бусурманкулов даңазалуу «Долондон канатымды кайрып алдым» («Илиястын ыры»), «Жүрөккө сүйүү из салса» сыяктуу ондогон обондуу ырлардын сөзүн жазган.
ИИМдин коллегиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу, ички иштер министрлигинин өздүк курамы милициянын отставкадагы полковниги Жолдошбек Бузурманкуловдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу аза күтөт жана туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Бул биз үчүн чоң жоготуу. Жолдошбек Карабалаевич жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
ИИМдин Басма сөз кызматы