Кошуна Өзбек Республикасынын колдоосу менен Баткен облусунун Кадамжай районунда курулушу башталган 200 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасынын модулдук курулмалары орнотулуп бүттү.
Жеңил конструкциядагы оорукана Кадамжай районунун аймактык ооруканасынын короосуна, 1 гектарга жакын аянтка курулууда.
Учурда оорукананын чатырын жабуу, суу, электр энергиясын жеткирүү аракеттери көрүлүп, канализация жана ички жумуштары жасалууда. Курулушта 45 жумушчу иштеп жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы