Бишкектеги кинотеатрларга алдын ала бардык санитардык эрежелерди жана отургучтардын ортосундагы милдеттүү аралыкты сактап, залды 50% толтуруу менен иштөөгө уруксат берилет. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.
COVID-19 илдетине байланыштуу жарыяланган өзгөчө абалдан улам Кыргызстандагы кинотеатрлар 2020-жылдын март айынан бери иштебей келет. Дээрлик 8айга жакын ишин токтотууга аргасыз болгон кинотеарлар башка тармактар сыяктуу эле кризиске дуушар болушту. Драматург кинорежисер Жаныш Кулманбетов бул маселени чечүү үчүн азыркы заман талабына ыңгайлашып, онлайн кинотеатрлар иштелип чыкканын айтат. Бирок, ага карабай атайын кинотеатрларга барып экран алдында кино көрүү башка экенин «Биринчи радиого» билдирди.
Белгилей кетсек, жакынкы күндөрдө мектеп, бала бакчаларды эске албаганда акырындык менен шаардагы чектөөлөр алынарын, тойканаларга өзүнчө алгоритмдин негизинде иши улананары кабарланды. Ошондой болсо дагы жарандарды санитардык эрежелер жөнүндө унутпоону, сөзсүз түрдө бет кап тагынуу, аралык сактоо дагы деле талап кылынат