Лейлек районунда «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун демилгеси менен «GREEN RANGERS ACTION CAMP» аталышындагы экологиялык жаштар лагери өз ишин баштады. Аталган лагердин ачылышына Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бекмуратов Баймурат Асатович катышты.

Green Rangers Action Camp — Кыргызстандын Баткен облусунун Исфана шаарында өтүүчү жаштардын масштабдуу иш-чарасы. Иш-чара жаштарды бейформал жагдайда бириктирип, суу ресурстарын башкаруу жана климатка ынгайлашуу боюнча көйгөйлүү маселелерди талкуулоого багытталган. Суу ресурстарын башкаруу, айыл чарбанын гигиенага жана саламаттыкка ынгайлашуусу боюнча атайын тренингдер өткөрүлөт.

«Global youth take action»  долбоору International Secretariat for Water финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат.  Өнөктөштөр: CAY4W жана «Инсан-Лейлек» коомдук фонду.