Бүгүн, 25-ноябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкек, Ош жана Чүй облусунда жайгашкан беш ооруканага алты жогорку өндүрүмдүү кычкылтек концентраторун орнотту.
АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиргендей, концентраторлор ооруканалардын интенсивдүү терапия бөлүмдөрүн таза кычкылтек менен камсыз кылып, COVID-19дун айынан дем алуудан кыйналган бейтаптар үчүн өтө зарыл жабдуу болуп эсептелет. Бул жабдууну расмий тапшыруу аземи АКШ элчиси Дональд Лунун катышуусу менен бүгүн онлайн режиминде өттү.
Концентраторлор Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында, Улуттук госпиталда (анын ичинде ардагерлер үчүн ооруканада), Чүй облустук ооруканасында жана Ош шаардык клиникалык ооруканасында орнотулган.
Пайдаланууда жөнөкөй болгон жогору өндүрүмдүү концентраторлор минутасына 8 литрге чейин кычкылтекти бере алат. Алар жогорку басымдагы газ менен иштеген жасалма дем алдыруучу аппаратын, анестезия аппараттарын жана респиратордук жабдууну иштетүүгө колдонулат. Андан тышкары, бул концентраторлор электр энергиясы өчүп калган учурда да 30 минутага чейин иштеп тура алат. Алты аппараттын жалпы наркы 100 миң АКШ долларынан ашат.
Жогору өндүрүмдүү концентратордон тышкары, USAID Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен өнөктөштүктө өлкөдөгү медициналык мекемелерине 100 портативдүү концентраторлор менен камсыз кылат. Бул концентраторлор бейтаптардын дем алуусуна жардамдашуу катары мурун аркылуу берилүүчү кычкылтек терапиясы үчүн колдонулат.