Бишкекте Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачылат.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдирди.
Бүгүн, 25-ноябрында маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий кызматташуунун келечеги тууралуу баарлашты. Өз кезегинде элчи Кайрат Нурпеисов жакынкы аралыкта Кыргызстанда казак элинин көрүнүктүү акыны жана философу Абай Кунанбаев атындагы кыргыз-казак маданий борбору ачыла тургандыгын маалымдап, аны ачылыш аземин биргеликте уюштурууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бул багытта эки тараптуу кызматташууну макулдашты.