«Тилим менен улутмун» аталышындагы студенттер аралык радио таймаш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик тилдин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата КТРКнын Кыргыз радиосу бир жылдан бери Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте өткөрүп келе жаткан «Тилим менен улутмун» аттуу студенттер аралык республикалык радио таймаш жыйынтыкталды.
2019-жылы башталган бул таймашка 7 дубандан жана Бишкек шаарынан жалпы 18 жогорку окуу жайынын филологиялык эмес факультеттеринин студенттери катышты. Оюн түз эфирде жүрүп, командалар бир нече тапшырмаларды аткаруу менен 3 айлампада таймашты. Ар бир оюнга экиден калыс сереп салып, баасын берип турду.
Соңунда мыкты 5 жогорку окуу жайы финалга чыгып, орундар жана байгелер төмөндөгүдөй аныкталды:
Баш байге – Кыргыз мамлекеттик юридикалык университети (30 миң
сом);
1-орун – Ж.Баласагын атындагы КУУ (20 миң сом);
2-орун – Кыргыз-Түрк «Манас» университети (10 миң сом);
3-орун – И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык
академиясы (5 миң сом);
4-орун – М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык
университети (3 000 миң)
Иш-чарада жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана дипломдор, ал эми даярдаган мугалимдерине, калыстар тобуна жана демөөрчүгө Ыраазычылык барактары ыйгарылды.