Аялдардын орду өтө маанилүү жана чоң. Анткени ар бир бала өмүр жолунда эненин түгөнгүс көп таасирлерин ар бир жан баалап жүрөгүнө тутат. Бекеринен кыргыз эли кыздарын «кыздын кырк чачы улуу», «бейиш эненин таман астында» деп сыйлаган. Мындай сыйга кыргыз кыздары тегин жеринен татыктуу болбогонун тарых далай жолу тастыктады. Биздин кыздар эл башына кыйынчылык келген кезде четте турбай кыйналгандын оорун колдон алып алдынкы катарда «найзага миз» боло алышкан. Мисалы, Каныкей, Курманжан Датка, Жаныл Мырза жана дагы миңдеген чыгаан кыздарыбыз менен элибиз сыймыктана алат.
Учурда да айымдарыбыз четте калбай активдүү позицияда болушуп, өздөрүнүн салымын өлкөбүздүн тынчтыгына, өсүп-өнүгүүсүнө салым кошолу деп, «Нарындык айымдар кенеши» өздөрүнүн бир жылдык отчеттук конференциясын өткөрүшүп алдыңкы мезгилге багыт алышты. Жыйынга 300дөн ашык айымдар жана конок мырзалар катышты. Алардын баары бир пикирден айымдардын бир жылдык жасаган иштерин колдоп мындан ары да Нарында гана эмес, бүт Республикада активдүү болуп баардык областардагы айымдарды бириктирүүгө чакырышты. «Нарындык аялдар кеңешинин» төрайымы, көп жылдар бою саясатта жүргөн экс-депутат, экс-министр, экс-вице-премьер министр, Кырзызстандын Саламаттык сактоонун эмгек сиңирген кызматкери Ниязалиева Дамира: «Мекенибиз кыйын учурда турганда тажрыйбабызды, эмгегибизди аябай элибиздин кызыкчылыгы үчүн иштейли, азыр бизге эң керектүү — бул тынчтык, стабилдүүлүк жана мыйзамдуулук» деп чакырык таштады. Жана өз сөзүндө «Кеңештин эн маанилүү ишинин бири бул — жардамга муктаж аялдарга жардам берүү, аялдардын жана энелердин укугун коргоо жана аларды «гендердик теңчилик» жөнүндө мыйзамга ылайык мамлекеттик башкарууга тартуу» деп баса белгиледи.

Нарындык аялдар кеңешинин маалымат кызматы