Башкы прокуратура “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, президенттикке талапкер Адахан Мадумаров боюнча билдирүү таратты. Анда аталган орган мыйзам чегинде гана аракет жасап, бир эле Мадумаров эмес башка талапкерлер боюнча материалдар да БШКга жиберилгенин билдирген. Төмөндө Башкы прокуратуранын билдирүүсүн өзгөртүүсүз сунуш кылабыз:

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы «Адахана Мадумарова подозревают в нарушениях. В ответ он назвал ряд ошибок Садыра Жапарова» аттуу макала боюнча төмөндөгүлөрдү маалымдайт.

Кыргыз Республикасынын Президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу максатында Башкы прокуратура тарабынан атайын Штаб түзүлгөн.

Мындан тышкары, Башкы прокуратура Борбордук шайлоо комиссиясы жана башка укук коргоо органдарынын ортосунда шайлоо маалында орун алган мыйзам бузуулар боюнча ыкчам маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 43-бер. ылайык координациялык ыкчам топтор түзүлүп, анын алкагында келип түшкөн кайрылуу жана билдирүүлөр, интернет тармагында жана социалдык түйүндөрдө жарыяланган макалалар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Ошондуктан, 2020-жылдын 19-ноябрында айрым интернет булактарында Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер А.Мадумаровдун Россия Федерациясынын Москва шаарында мигранттардын жана медия тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болуп өткөн пресс-конференциясы жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын жана «Кыргыз Республикасынын Президенттин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык аталган макала 2020-жылдын 23-ноябрында Борбордук шайлоо комиссиясына караштуулугу боюнча жөнөтүлгөн.

Ал эми, Башкы прокуратура тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынан бул маселеге тиешелүү башка кандайдыр бир материалдар суратылган эмес.

Ошондой эле, 2020-жылдын 25-ноябрында жогорудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер И.Ташовдун журналисттер менен жолугушуу маалында анын алдыдагы иштери жана максаттары тууралуу интернет тармактарында жарыяланган макалалар дагы Борбордук шайлоо комиссиясына кароо үчүн жөнөтүлгөн.

Ошону менен бирге, прокуратура органдары Конституцияда белгиленген ыйгарым укуктарынын негизинде шайлоо процесстеринин ар бир катышуучусун шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузулушуна жол бербөөгө чакырат.

Булак: https://media-center.kg/