Коомдук ишмер, акын, жазуучу Буайша Арстанбекова учурда талкууланып жаткан конституцияга адамдын ар-намысына жана беделине шек келтирген жалган маалымат тараткандарды жазага тартуу тууралуу сунуш берди. Төмөндө Арстанбекованын сунушун өзгөртүүсүз беребиз:
Ардактуу достор!
Баш мыйзамдын 33-беренесинин 5-бөлүгүнө өзгөртүү киргизүнүү сунуштайм. Себеби ээн ооздор көбөйүп, чындыка дал келбеген маалыматтарды таркатып, адам укуктары одоно бузулуп жатат! Айрыкча чындыка дал келбеген маалыматтарды таркатуу саясатчыларга, алдамчы-мощениктерге пайда алып келип, бирок карапайым калк арасында адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн болбогондугуна байланыштуу бирин-бири жек көрүү, агрессия өнүгүп, ынтымак-биримдик жоголуп баратат. Коомдо адамдар биринин-сөзүн, бири укпай, такталбаган жалган маалыматтарга бат ишенип, терс көрүнүштөр өөрчүп-өнүгүп, адам болуп калыптануу солгундап, сапаттуу- патриот жарандардын саны азайып, мекенчил деген сөз популисттердин олжосуна айланып калды. Менин сунушум, Баш мыйзамдын 33-беренесинин 5- бөлүгүндө «Адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес»- деген жерин «Адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн»- деп «эмес» — деген сөздү алып таштоонуу сунуштайм! Мыйзам баарына бирдей болгондуктан, «Адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандар жазаланбасын, таркатпагандар өз укугун коргой албай кор болсун деген баш мыйзамды Текебаев өз кызыкчылыгы үчүн иштеп чыккан!
33-берене
1. Ар ким маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ.
2. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелелердеги же уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
3. Ар ким мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланган уюмдардын иштери тууралу маалыматтарды алууга укуктуу.
4. Ар кимге мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматтарды алууга кепилдик берилет. Маалымат берүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
5. Эч ким адамдын ар-намысын жана беделин жаманатты кылган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн кылмыштык жазага тартылышы мүмкүн эмес.