Акыркы бир суткада коронавирустан 496 бейтап сакайып чыкты. Ошол эле учурда 427 кишиден вирус табылды.
Жаңы учурлар:
Бишкек шаарында – 179,
Ош шаарында – 17,
Чүй облусунда – 94,
Ош облусунда – 36,
Таласта – 13,
Нарында – 2,
Ысык-Көл облусунда – 35,
Жалал-Абадда – 23,
Баткенде 28 кишиден табылды.
Алардын арасында 16 медицина кызматкери бар.
Бир күн ичинде Бишкекте – 5 , Ош облусунда – 1 бейтап вирустун курмандыгы болду. Учурда стационарларда коронавирустан 2 миң 861 бейтап, амбулатордук дарыланууда 3 миң 832 бейтап бар.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 71 миң 171 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 62 миң 544 киши айыгып чыкса, 1 миң 251 адам каза болду.