Акын Таштанбек Чакиевдин котормосунда А.П.Чеховдун “Кутучадагы адам” аттуу китеби жарык көрдү. Китепте дүйнөлүк адабияттын ири өкүлү А.П.Чеховдун тандалма аңгемелери киргизилген. Чыгармаларда ак менен кара, өмүр менен өлүм, адамгерчилик менен наадандык, боорукердик менен ташбоордук өңдүү турмуш философиясы таасын чагылдырылган.

Китеп аз санда чыгарылгандыктан китеп дүкөндөрүндө азырынча жок, автордун өзүнө кайрылыңыздар. Бул тууралуу http://adabiyat.kg/ сайты маалымдаган.