Иш-чара 2020-жылдын 1-декабрынан, илдет азайганга чейин жүргүзүлөт. Бул боюнча Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалаловдун буйругу чыкты.
Таажы вирусу негизинен жашы улгайган жана өнөкөт ооруулары бар жарандар үчүн абдан кооптуу.
Кыргыз Республикасынын Сааламаттык сактоо министрлигинин анализинин негизинде, өлкөбүздө өлүм учурларынын көпчүлүгү 60 жаштан ашкан бейтаптардын арасында болууда.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперттеринин корутундусунда 65 жаштан өткөн жарандар вируска чалдыкса, 15%ы өлүмгө дуушар болуп жатат.
Кыш мезгилинде өнөкөт ооруулардын жана сезондук жугуштуу ооруулардын күчөшүнө байланыштуу 60 жаштан ашкан жарандарга коомдук жайларга базарларга, эл көп жыйылган иш-чараларга барбоону жана үйдөн чыкпай санитардык нормаларды сактоосу керек экендигин эскертебиз.
Бирок улгайган жарандарды кооптуу илдеттен сактоодо жаштардын жоопкерчилиги өтө чоң. Анткени улгайгандар санитардык нормаларды сактаган менен аларга уул-кыздары аркылуу илдетти жугузуп койгон учурлары көп катталууда.
Алдыда “Ата-энеңди кооптуу илдеттен сакта” аттуу иш-чаранын алкагында, окуучулар, студенттер, жалпы эле жаштар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акция, флешмоб жана ММКнан атайын берүүлөр уюштурулат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы