Бишкектик астролог Нина Криницкая алдыда өтө турган КР президенттигине шайлоону январда өткөрүү жакшы эмес экенин айтат. Бул тууралуу ал VB.KG редакциясына берген интервьюсунда билдирген. 

Эске сала кетсек, анын буга чейин айткандарынын көпчүлүгү туура келген. Мисалы, жылдыз төлгөөчү чек ара маселелеринде маселелер жаралат деген, оппозициялык кыймылдардын күчөй турганын божомолдогон, ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин жашоосунда татаалдыктар болорун эскерткен. Бул жолу Криницкая басылмага Кыргызстанда мамлекет башчысын шайлоо кандай өтөөрүн, талапкерлердин кимисинин мүмкүндүгү баарынан көп экенин жана кыргызстандыктар кандай оорчулуктарга кабыларын айтып берди.

— Кыргызстанды жакынкы убактарда эмнелер күтөөрүн айтып бериңизчи?

— Келерки жылга жалпы көрүнүштү балким мен бере албайм, бирок жакынкы бир нече айга карата айтам. 2020-жылдын энергетикасы өтө татаал болду жана анын калдыктары бул жылдан кийинки жылга да уланат. Албетте, бул жылдагыдай кыйын жана оор болбойт. Баары бир азыраак тынчыраак. 2021-жылдын январы жылдын бирден-бир өтө оор айы болуп каларын айта алам. Бул эмне менен байланыштуу болушу мүмкүн? Оор кырдаал, мамилелерди такташуу, конфликттер, такташуу, эмоционалдык чыңалуу жана башкалар. Февраль жана март тынчыраак болот, бирок бул эки айда биз январдын жемиштерин көрөрүбүзгө байланыштуу болот. 

Жаздын экинчи жарымы жана жайдын биринчи жарымы да татаал болот. Кайрадан нааразычылык, мамилелерди такташуу, эмоционалдык чыңалуу, кандайдыр бир татаалдыктар менен жолугушуулар. Өтө татаал убакыт, андыктан январды маселени чечүү менен бардыгы эрте эле бүтөт деп ойлобош керек. Мен жогоруда айткандай, натыйжасы жаздын аягы жана жайдын башында көрүнүшү мүмкүн.

— Кыргызстанда өтө татаал мезгил жана көптөгөн адамдар мамлекеттен кетип калуу тууралуу айтып жатышат. Сиз январь айы татаал болорун айттыңыз. Мунун өзү өлкөдөн чыгып кетиш керек экенин айтпайбы?

— Биздин өлкөнүн жылдыз төлгөсүн кунт коюп карап чыгып, мен чындыгында эле мамлекеттин жашоосунан сур тилкени көрүп турам, бул кармикалык көрсөткүчтөр менен өтө байланыштуу. Башкача айтканда, биз узак жылдар бою кандай терс (негатив) нерселерди жасаган болсок, азыр ошонун жыйынтыгын көрүп жатабыз. Андыктан мен дүрбөлөңгө түшүш керек деп айтпайм, жөн гана күтүш керек жана өтө жакынкы убакытта, жыл ичинде баары ордуна келет.

— Алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу эмне айта аласыз? Саясий катаклизмди күтүүгө болобу?

— Эгерде президенттик шайлоо январдагы оор мезгил менен бирге болбогондо жакшы болмок. Эми мөөнөттү белгилеп койгондон кийин эч нерсе кыла албайсың, бирок кийин жыйынтыгы да ошого жараша болот. Эгерде февралга белгилегенде, анда көбүрөөк тынчыраак өтмөк жана жыйынтыгы да жемиштүү болмок. Ошондой эле мен буга чейин парламенттик шайлоо боюнча да айткам. 2020-жылдын октябры кетип жаткан жылдын өтө оор айы болду жана дал ушул айга шайлоону белгилешти. Жогорудагы айтканымдай эле эгерде парламенттик шайлоону жок дегенде ноябрга белгилегенде, көбүрөөк жеңил болмок.

— Криницкий айрым саясатчылар жана президенттикке талапкерлер боюнча жылдыз төлгөсүн айтты.

— Садыр Жапаровдун жылдыз төлгөсү боюнча мен мындай айтам: анда азыр мурда болуп көрбөгөндөй жолу болуп турат. Кийин да андай болушу кыйын. Ал азыр бул ийгиликтердин жана даңктоолордун нуруна жуунуп турат. Бирок, кеп бул тилке түбөлүктүү эмес экенинде. Бул ийгиликтин жыйынтыгын алса болот, бирок аны бош эле кое берүү аянычтуу болуп калат. Билесиздерби, менин оюмча анда ийгиликтин бул тилкеси акырындык менен түшүп баратат жана жарым жылча убакыттан кийин ал акырындык менен жокко чыга баштайт. Ал кандай жакшы жана жаман нерселерди чогулткан болсо, ошолорду келечегинде пайдаланат. Ал өзү чогулткан терс жана оң багаждары жарым жыл – бир жылда чыга баштайт, бирок азыр анын жолу болуп турат. Андыктан анын ийгилигинин убактысына белгиленген шайлоо, анын тагдырынын ийгилигине алып келиши мүмкүн, бирок дайыма бир «бирок» бар. Форс-мажор деген фактор бар. Мен бир нече сандагы президенттикке талапкерлердин жана биздин мамлекеттин жылдыз төлгөсүн анализдеп көрдүм. Бардык жерде форс-мажор бар. Форс-мажор – бул кайдан башталып, кайдан бүтөөрү белгисиз субстанция.

Ошондой эле мен Садыр Жапаровго өзүнүн мүмкүнчүлүгүн ашыкча баалап албоосун жана айланадагы кырдаалды баалабай койбоо керек деп сунуш айтат элем. Бардык жерде маселе бар. Ушуларга көңүл бурушу керек, себеби анын форс-мажору дал ошолор менен байланыштуу болушу мүмкүн. 

— Эгер ага ийгилик жылмайса, демек президент болот экен да?

— Болот же болбойт деп айткым келбейт. Себеби, алдын-ала эле адамдарды жана кырдаалды программага салып коюну каалабайм. Мен мындай деп айтам, анын президент болуп калуу мүмкүнчүлүгү өтө чоң.