Саясий социология илим изилдөө институту (Москва шаары) өз демилгеси менен кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Сурамжылоо республиканын бардык аймактарында жана Бишкек менен Ош шаарларында 18-25-ноябрь күндөрү жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 18 жаштан улуу 7 миң 88 киши катышкан.

“Эгерде Кыргызстандын президентин шайлоо келе жаткан жекшемби күнү өткөрүлсө, сиз шайлоого бармак белеңиз?” деген суроого сурамжылоого катышкандардын 84,5%ы “ооба” деп жооп берген. 10,6%ы шайлоого барууга даяр эмес экенин айтса, 4,9%ы жооп берүүдө кыйналган.

“Мындай сурамжылоолордун тажрыйбасы көрсөткөндөй, ар кандай себептерден улам шайлоого реалдуу катышуу болжолдонгондон да төмөн болот. Анткен менен Кыргызстан 2021-жылдын январь айында бул көрсөткүч боюнча жаңы рекорд коет деп айтууга негиз бар. Добуш берүүгө барам дегендердин көбү Ысык-Көл, Баткен жана Нарын облустарында болгон. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда шайлоочулардын добуш берүүсү аз болору күтүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын шайлоо артыкчылыктары төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн: биринчи орунда президенттин мурдагы милдетин аткаруучу Садыр Жапаров (59,11%), экинчи орунда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров (3,23%), андан кийин парламенттин экс-спикери Канат Исаев (0,86%) турат. Алдыңкы бештикке мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов (0,28%) жана активист Арстан Алай (Абдылдаев) (0,26%) кирген. Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 0,22% добушка ээ болушу мүмкүн.

Кыргызстандыктардын 21,57%ы кимди тандай турганын азырынча чече электигин билдирген же социологдордун суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Сурамжылоого катышкандардын 9,49%ы бардык талапкерлерге каршы добуш берерин айтышкан.

Сурамжылоо телефон аркылуу аркылуу жүргүзүлгөн. Сурамжылоого бир үйдөн бир гана адам катышкан. Сурамжылоого катышкандардын 53%ы эркектер, 47%ы аялдар болгон.