Өзгөн районунда 2020-жылдын 25-ноябрында Өзгөн аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Өзгөн аймактык ооруканасынын пайдаланылып жүргөн төрөт бөлүмүнүн имараты 1965-жылы курулуп, жыл сайын эскилиги жетип, жаңы имаратка муктаждык жаралган.
Кувейт мамлекети тарабынан каржылануучу “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинин демөөрчүлүгү менен 2019-жылдын декабрында Өзгөн аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн жаңы имараты курула баштаган. Имараттын курулушу 2020-жылдын ноябрь айында бүткөрүлдү.
Жаңы имараттын курулушу менен бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн заманбап медициналык жабдыктар, эмеректер менен камсыздалып, бардык тийиштүү шарттар (ыссык суу, ички ажатканалар, лифт жана башкалар) түзүлдү. Жаңы төрөт үйү 60 орунга ылайыкташтырылган, 3 кабаттуу.

Араван районунда да Кувейттик «Ас-Сафа Борбору» Коомдук Бирикмеси тарабынан аймактык ооруканасынын аймагында 100,0 млн. сомго бааланган жаны 2- кабатту төрөт бөлүмүнүн имаратын куруу иштери 2019-жылдын май айында башталып, 2020-жылдын ноябрь айында курулуш толук жыйынтыкталды.
Төрөт үйү 38 орундуу болуп, операция залы, айына жетпей төрөлгөн ымыркайларды жандандыруу залдарынан турат. Бул төрөт үйүнүн бөлмөлөрүнө керектүү эмеректер жана медициналык жабдыктардын баары «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланат, пайдаланууга берүү максатында бүгүнкү күндө бул төрөт үйүнө компьютердик диагностика аппаратураларын алып келүү пландалууда.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы