Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун билим берүү борбору бюджетти 5 миллион 221 миң сом чыгымга учуратканы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, №28 мектепке мугалим, лаборант, кружоктордун жетекчиси катары 10 адам мыйзамсыз жумушка алынган.

“Алардын документтери каттоого алынганы менен жумушка келип иштешчү эмес. Бирок 2015-жылдан 2020-жылга чейин аларга айлык жүрүп турган. Натыйжада бюджетке 5 миллион 221 миң сом зыян келтирилген”, – дешти Башкы прокуратурадан.

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 329-беренеси (“Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча каттоого алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.