2020-жылы Курулуш агенттиги тарабынан 19 мектептин жана спорттук залдарынын курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлгөн. Анын ичинен региондор боюнча, Чүй облусу боюнча – 1 мектеп, Баткен облусу боюнча – 3, Жалал-Абад облусу боюнча – 1, Нарын облусу боюнча – 2, Ош облусу боюнча – 8, Талас облусу боюнча – 4 мектеп.
Курулуш иштери башталгандан бери бул объекттерге республикалык бюджеттен 970,1 млн сом акча каражаты каржыланган, анын ичинен 2020-жылы 111,9 млн сом бөлүнгөн.
Баардык мектептер тиешелүү жабдыктар менен камсыздалган, өрткө каршы сигнализация орнотулган, ошондой эле административдик жана предметтик кабинеттер (биология, химия, физика, эмгек кабинети жана устакана), компьютердик кабинет, медициналык кабинети, китепкана, ошондой эле актовый жана спорттук залдары каралган.