Башкы прокурор Курманкул Зулушев фейсбук социалдык тармактагы баракчасына төмөнкү билдирүүнү калтырган. Текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Прокуратура органы кылмышка шектүүнүн айыбын угузууда иште толук далилденбеген ашкере жагдайларды кошуп койгон же болбосо күнөөсү жок эле адамдарга жасалма айып койгон өнөкөттү токтотушубуз керек. Эгерде кылмышка шектүүнүн тергөө маалында айыбы аныкталбастан иши сотко келсе, анда сотто мамлекеттик айыптоону колдогон прокурор кылмыш ишин терең изилдеп, таанышып чыгып, эгерде кылмыш фактысы далилденбесе, анда айыптоодон баш тартуу же керек болсо иштеги негиздемелерге таянып, соттон актоо өкүмүн чыгарууну суроо сыяктуу укугу болушу зарыл. Болбосо, иштин негизи жок болсо деле прокурор айыптоону колдоп, кийинки соттук инстанцияларга сунуштама киргизе берген практиканы өзгөртүү маселеси бар. Биз жарандардын укуктарын чектеген, ишти создуктурган, башаламан адаттардан арылалы. Мамлекеттик айыптоо жалаң эле каралоодон турбай, иштин негизине жараша далилдерди коргоодон же баш тартуудан турушу кажет».