Биринчи вице-премьер Артем Новиковдун айтымында, Кытайдын карызын төлөө мөөнөтү узарса Кыргыз мамлекети кошумча 3 миллиард сомго жакын каражат төгүшү керек болот. Кытай өкмөтү Кыргыз өлкөсүнө берген карыз акчасын кайтарып алуу боюнча ушундай шартты сунуш кылган.

“Кытай карызды төлөө мөөнөтүн транштарга бөлүп, төрт жылга узартууну сунуштап жатат. Мындай пролонгация үчүн пайыздык үстөгүн 2 пайыз деп аныктоодо”, — дейт Новиков.

Кыргыз мамлекетинин 4 миллиард доллардан ашкан тышкы карызынын 1  миллиард 700 миллиону Кытайдан алынган. Кыргыз бийлиги Кытайдын жетекчилигинен карыз төлөмдөрүн жеңилдетүү жагын карап көрүүнү сурап келе жатат.

Булак: Супер ТВ